ДЕПУТАТ УЙ, КОЙ ЖАНА ЖЫЛКЫГА САЛЫК САЛУУНУ СУНУШТАДЫ

№1039 4-10-ноябрь, 2022-ж.

Депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдө жылкыга, койго жана ири мүйүздүү малга салык салууну сунуштады. Мындай пикирди ал 3-ноябрда парламент жыйынында айтты.

Айтымында, Кыргызстанда учурда 2 миллион ири мүйүздүү мал, 700 миң жылкы, 8 миллион кой бар.

– Айыл жеринде жашоонун деңгээли жакшы эле. Дээрлик ар бир үйдө 3-4 автоунаа бар. Ар бир үйдө шаардагыдан кем эмес шарттар түзүлгөн. Азыркы учурда жылкынын орточо баасы 70-100 миң сом, ири мүйүздүү малдын баасы 60-70 миң сом, койлор 12 миң сомдон 18 миңге чейин,- деди депутат.

Токторбаев малга салык салуунун максаты – дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнүн бюджетин толтуруу дейт. Ал койго жылына 100 сомдон, уй жана жылкыга 250 сомдон салык алуу керек деген пикирде.

Айта кетсек, Кыргызстанда малдын саны кескин көбөйүп кеткени, жайыттар жараксыз абалга келип жатканы айтылып келет. Малдын санынан сапатына ыктоо да сунушталып жүрөт. Жайыттарды, топурактын кыртышын сактоонун бир жолу – малга салык киргизүү, санын чектөө деген сунуш да жаңылык эмес. Бирок мындай демилгеге эл азырынча даяр эмес.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо