БИР БҮРКҮМ. ТАМЕКИНИН БААСЫ КЫМБАТТАЙТ...

№1042 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.

  • Өлкөдө 1-январдан 9-январга чейин эс алуу күндөрү болот.
  • Бишкек мэриясы: “Таштандыга болгон төлөмдүн баасы көтөрүлүшү керек”.
  • 9-декабрда Бишкекте Жогорку экономикалык евразиялык кеңештин кезектеги жыйыны өтөрү айтылды.
  • Акылбек Жапаров: “2023-жылы өлкөдө 800 бала бакча пайдаланууга берилет”.
  • Айнура Абалиева Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин жетекчиси болуп дайындалды.
  • Казакстанда 20-ноябрда кезексиз президенттик шайлоо өтүп, Касым-Жомарт Токаев жеңип чыкты.
  • “Камбар-Ата 2” ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүүгө сынак жарыяланды.
  • 23-ноябрда Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги жыйыны өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.
  • Мамлекеттик салык кызматы: “2023-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө тамекинин баасы кымбаттайт”.
  • Москва шаарында такси кызматында иштеген Кыргыз жараны киши колдуу каза тапканы маалымдалды.
  • Өлкөдө 2800 жакыр үй-бүлөгө бизнес баштоо үчүн
    100 миң сомдон берилгенин тийиштүү министрлик кабарлады.
  • Кыргызстандын биринчи муфтийи Кимсанбай Абдурахманов дүйнө салды.
  • Баткенде аткезчилик жүк ташууга пайдаланылган 2 автоунаа мамлекетке конфискацияланды.
  • 23-ноябрга карата өлкөдө 120 миңден ашык өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү.
  • Эльвира Сурабалдиева: "Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген депутаттарга коркутуулар болуп жатат".
  • 2022-жылдын 10 айында тамак-аштан уулануу боюнча өлкөдө 100 факт катталганы расмий маалымдалды.
  • Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджетке жалпы 211 миллиард сом киреше түшкөнү айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо