БИШКЕКТЕГИ 4 РАЙОНДУН АТЫН КЫРГЫЗЧАЛОО АРАКЕТИ МОСКВАНЫ ЧОЧУТТУ

№1043 2-8-декабрь, 2022-ж.

Бишкектин 4 районунун атын кыргызчалоо сунушуна Орусия тарап дароо реакция жасады. 25-ноябрда Бишкекте өткөн улуттук курултайда парламент төрагасы Нурлан Шакиев борбор калаанын райондорун кыргызча атоого мезгил жеткенин айтты эле, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журова бул сунушту орус жарандарынын укугун бузуу деп сындап чыкты.

– Бул орус тилин басмырлоого ташталган алгачкы кадамдар. Бул Кыргызстандагы орус жарандарынын укугун бузат. Ушинтип отуруп анан байланыш үзүлөт. Кийинки этап – мектептер, андан кийин башкасы, Грузиядагыга окшоп жаштар орус тилинде сүйлөбөй калышат. Улуттук тилди коргоо деп аталып, ошол эле учурда жарандар мындан ары орус тилинде сүйлөбөш керектигин түшүнгөндөй кылышат. Билебиз, Украинада да ушундан башталган,- дейт Журова.

Орусия депутатынын кыйыр түрдө коркутууну камтыган мындай билдирүүсүнө Кыргыз тарап жооп кайтарган жок. Бул сырткы эскертүүгө макул болуунун белгисиби? Көпчүлүктө эгемендүү Кыргыз өлкөсү өзүнүн аймагындагы райондорго кандай ат коюуну өз алдынча чече албайбы деген суроо жаралды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо