АЯЛЫНА ЗОМБУЛУК КЫЛГАНДАРДЫ 1 АЙ ҮЙГӨ КИРГИЗБӨӨ СУНУШТАЛДЫ

№1043 2-8-декабрь, 2022-ж.

Бишкекте 29-ноябрда жарандарды үй-бүлөлүк, жыныстык жана гендердик зомбулуктан коргоо темасы талкууланган жыйын өттү. Парламент депутаты Динара Ашимова үй-бүлөлүк зомбулукка карата жазаны күчөтүүнү, ал үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарды 3 күн үйгө киргизбөөгө жол берилет. Депутат ушул норманы 30 күн деп өзгөртүүнү демилгелеп жатат.

– Үйдөгү балдарга коопсуз болуш үчүн зомбулукка айыпталган адам үйдөн чыгып кетиши керек. Ал адамдын жабырлануучу менен бир жерде болушуна тыюу салынсын деп жатабыз. Бир айга коргоо ордери берилгенден кийин айыпталуучу үйдөн чыгып кетүүгө милдеттүү болот,- дейт Ашимова.

Депутат үй-бүлөлүк зомбулук жана жашы жете электерди никеге мажбурлоо кылмыштарында тараптардын элдешип алуусу деген норманы да жокко чыгарууну сунуштоодо. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жабырлануучу гана эмес, күбөлөр да укук коргоо органдарына кайрыла алат деген сыяктуу башка да нормаларды киргизүүнү көздөп жатышат демилгечилер.

Жыйында айтылган маалыматка таянсак, өлкөдө жылына 7 миңдей аял кризистик борборлорго жардам сурап кайрылат. Ошол эле учурда зомбулукка кабылган аялдардын 65 пайызы эч жерге кайрылбай турганы да маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо