ОТУНБАЕВА МЕНЕН ЖЭЭНБЕКОВДУ РЕЗИДЕНЦИЯДАН КУУП ЧЫГЫШ ҮЧҮН МЫЙЗАМДЫ АРТКА ИШТЕТИШЕБИ?

№1044 9-15-декабрь, 2022-ж.

Кыргыздын экс-президенттерине берилчү артыкчылыктар азайтылышы мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоорун депутат Жеңишбек Токторбаев даярдап чыгып, документ 6-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралды. Ага ылайык, экс-президент мамлекеттик резиденцияда жашабайт, жаңы президент шайлангандан кийин 1 айдын ичинде чыгып кетиши керек. Мамлекеттик кайтарууну өз эсебинен каржылайт, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажырайт, өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат.

Ал эми экс-президенттер иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайызы өлчөмүндө маяна алышат, пенсияга чыкканда ошондой эле суммада пенсия алууга укуктуу деген норма өзгөртүүсүз калтырылды.

Мыйзам долбоорун комитет 1-окууда жактырды.

Депутат Токторбаев бул мыйзам экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековго карата эмес, анткени мыйзам артка иштебейт деп белгиледи. Деген менен айрым депутаттар “бул мыйзамды артка иштей тургандай кылуу керек” дешти эле, Токторбаев бул сунушка 100 пайыз макул экенин, болгону сунушту мыйзамга ылайыктоо жагын карап чыгуу керектигин билдирди. Кыргызда “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” дейт, мыйзамды артка иштетүү керек болуп жатса, “мыйзамга ылайыктоо” жолу табылышы толук мүмкүн. Анын үстүнө Токторбаевдин “бир тууган Жээнбековдорду жазага тартыш керек” деп парламент жыйынынан көптөн бери айтып келе жатканы да күмөн ой жаратат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо