ДЕПУТАТТАР ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНЫНА МИНИСТРЛЕРДИ КЕЛТИРЕ АЛБАЙ УБАРА

№1046 23-29-декабрь, 2022-ж.

Жогорку Кеңеш 21-декабрда “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун 1-окууда карап, жактырды. Ага ылайык, жуманын ар бир бейшемби күнү бардык министрлер же алардын орун басарлары парламент жыйынына келип катышууга милдеттүү болушат. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйынынын “Ар кандай маселелер” саатына министрликтин жетекчилери сөзсүз катышсын деп жатышат демилгечилер.

Демилгечи депутат Улан Бакасов: “Депутаттык трибуна – элдин үнү, бул укукту эч ким жокко чыгара албайт. Көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн ар бир министрликтин жетекчилери жыйынга келип, маселени депутаттар менен чогуу талкуулашы зарыл”,- деди.

Экс-спикер Дастан Жумабеков “бул мыйзамга президент кол койбой артка кайтарат, 16 министрди жыйынга алып келип жарым күн кармап отуруу мүмкүн эмес” деген пикирин айтты. “Иштейли десек убактыбыздын баарын Жогорку Кеңеш алып жатат деген сөздөр айтылат. Эрежени жеңилдетпесек, мыйзамга вето коюлары турган иш”,- деди Жумабеков.

Жалгыз Эдил Байсаловду парламент жыйынына чакырып келтире албаган Жогорку Кеңештин дарамети 16 министрди бир күндө алып келүүгө жетери күмөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо