КАТАЛИЗАТОРУ ЖОК УНААЛАРГА 65 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН АЙЫП САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

№1046 23-29-декабрь, 2022-ж.

Өлкөдө катализатору жок автоунааларга айып пул салуу сунушталды. Демилгенин автору – парламент депутаты Марлен Маматалиев. Ал сунуштаган мыйзам долбооруна таянсак, эгер автоунааны алгачкы каттоо, кайра каттоо жана каттоо маалыматтарына өзгөртүү киргизүү, ошондой эле автоунааны каттоодон чыгаруу учурунда унаанын катализатору жок экени билинсе, анда автоунаа ээсине 20 миң сомдон 65 миң сомго чейин айып салынмакчы. Тагыраагы, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат.

Маматалиев абаны булгоодо, адам ден соолугуна коркунуч жаратууда катализатору жок унаалар негизги ролду ойноп жатканын айтат. “Бул мыйзам карапайым элди кыйнабайт, көчөдөн айдоочуларды текшерип айып салуу болбойт” деди демилгечи парламенттин 21-декабрдагы жыйынында.

Расмий маалыматка таянсак, 2022-жылдын 9 айында өлкөгө 25 миңден ашык жеңил автоунаа алынып келген. Демилгечи автоунаадан чыккан уулуу заттар түрдүү ооруларды, анын ичинде онкологиялык илдеттерди жаратарын белгилейт.

– Автоунааларды абаны булгоочулардын өтө кооптуу булагы категориясына киргизүү керек. 1952-жылкы Лондондогу ыш катастрофа деп эсептелет, анда ыштын кесепетинен 4 күндүн ичинде 4 миңдей адам каза болгон,- деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо