АДАХАН МАДУМАРОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИ "ОЙГОНУУГА" ЧАКЫРДЫ

№1046 23-29-декабрь, 2022-ж.

"Парламент депутаты Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында борбордук трибунадан депутаттарга кайрылуу жасады. Ал өлкөдө Конституция, мыйзамдар тебеленип, түшүнүктөр менен жашоо калыптанып баратканын айтты.
– Сыясы кургай элек Регламент жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракеттери болуп жатат. Бул – Жогорку Кеңештин таасирин азайтуу, үнүн басуу максатын гана көздөйт. Кесиптешибиз Медер Алиев парламенттин негизги комитетинин төрагалыгынан бекер кеткен жок, абийирим чыдабай калды дегендей кылып кетти. Качанкыга чейин унчукпай отура беребиз? Депутаттар ар бир добуш берүүдө калчылдап коркушат. Эгерде Конституциянын гаранты делген адам Конституция менен эсептешпесе, анда эл өкүлдөрү катары биз эсептешишибиз керек. Мен өлкөдөгү мыйзамсыздыктарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм, иликтеп чыгалы. Жигит деген бир эле жолу өлүшү керек, эгер унчуга албасак, анда кайран бизге берилип жаткан айлык, кайран төш белги,- деди Мадумаров.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо