МАССАЛЫК КАМООЛОР: “КАМАКТАГЫ АЯЛДАРДЫН АБАЛЫ НАЧАР” ДЕЙТ ЭКСПЕРТ

№1046 23-29-декабрь, 2022-ж.

Өлкөдө баш аламандык уюштурууга даярданууга шектелип кармалып учурда камакта отургандардын абалы начар. Бул тууралуу 19-декабрда медицина боюнча эксперт, Бишкектеги №1 СИЗОго барып келген Бермет Барыктабасова өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады.

– СИЗО-1ге көз карандысыз дарыгер катары барып келдим. 4 адамга жолугуп, аларга ачкачылык кармоонун кесепеттери тууралуу эскерттим. Эркектерге караганда аялдардын абалы начарыраак. Орозайымдын (ред.: Нарматова) абалы канааттандырарлык эмес, кыймылы оор, үнү алсыз, кан басымы туруктуу эмес, 5 күндө 5 килограммга арыктаган. 6 суткадан бери тамак жей элек, суу ичүүдө. Ачкачылык кармоону улантуу ниетинде. Перизаттын (ред.: Суранова) да абалы канааттандырарлык эмес, өз алдынча ары-бери баса албайт. Көрүүсү кескин начарлап кеткен. Эркектер карманышууда, медициналык персоналга жана кызматкерлерге дооматтары жок,- дейт Барыктабасова.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган кылмышка шектелген 17 жаран ачкачылык жарыялаган. Алар өздөрүнө тагылып жаткан айыптарга макул эмес жана ачкачылык жарыялоонун кесепеттерине президент Садыр Жапаров баштаган тийиштүү органдардын жетекчилери жоопкер болорун айтып жатышат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо