№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.
– Кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат,- деп билдирген УКМК мамлекеттик кызматкерлерге кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин белгиледи.
Депутат Өмүрбек Бакиров бул билдирүүдө айтылгандарды четке какты.
– Ал жерге коттедждерди көргөнү, орун караштырып келгени баргам. Жаңы жылдан кийин үй-бүлөм менен ошол жерде эс алсакпы деген пландар бар. “Барс” деген – коомдук жай, элдин баары эс алчу спорттук комплекс. Камчы Көлбаевге жолукту дегени калп, эгер фото-видео далилдери болсо чыгарсын. Көлбаев менен тааныштыгым да, эч кандай мамилем да жок,- деди Бакиров.
Мындан кийин УКМК кайрадан билдирүү жасап, “депутат Бакировго жолукканын Камчы Көлбаев тастыктады” деп жарыялады."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |