МИЛИЦИЯ КЫЛМЫШТАРДЫН БЕТИН АЧКАНДЫН ОРДУНА ЖААП-ЖАШЫРУУДА

№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.

Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана милиция кызматкерлери кармалды. УКМКнын маалыматына таянсак, 9-декабрда Сузактын Ырыс айылында уюшкан кылмыштуу топтун бир нече мүчөсү каракчылык кылышып, окуяда 1 адам бычактан жаракат алган.

– Сузак РИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдү издөө жана кармоо чараларын көрүшкөн эмес, алардын жакындары менен бир нече жолу жолугушуп, жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Кылмышты жаап-жашыруу үчүн паранын суммасы да айтылган,- деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы. Азыркы учурда кылмышка шектүү 5 адам кармалып, калганы изделип жатканы маалымдалды.

27-декабрда ИИМ Сузакта милиция кызматкерлери тарабынан кылмышты жашыруу фактысы аныкталганын, бир катар кызматкерлер жоопкерчиликке тартылганын кабарлады. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчиси Ашим Тагаев, Сузак РИИБинин жетекчиси, анын орун басары, Сузак РИИБинин бөлүм башчысынын орун басары кызматтан алынганы белгилүү болду. Мындан тышкары бир катар милиция кызматкерлерине катуу сөгүш, сөгүш жарыяланды.

Айта кетсек, буга чейин Кочкор районунда да ушул сыяктуу факт катталып, Кочкор РИИБинин жетекчиси жана анын орун басары кылмышты жашырууга шектелип кармалган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо