МАС АБАЛЫНДА УНАА АЙДАП КАРМАЛГАН ЧИНОВНИК АЙЫП ПУЛ МЕНЕН КУТУЛДУ

№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа айдап баратып кармалып, айып пул төлөдү. 22-декабрда Патрулдук милициянын Бишкектеги атайын рейди учурунда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабас токтотулуп, айдоочу шек жараткан. Башында Татиков бирөөгө телефон чалып, маселени тааныштары аркылуу чечүүгө аракет кылганын, ортого Татиковдун жубайымын деген аял да аралашып чуу салганын интернет желесине тараган видеодон көрүүгө болот. Аягында Татиков наркологиялык диспансерге жеткирилип, анын мас экени аныкталган. Ага
17,5 миң сом айып салынып, унаасы айып аянтчасына токтотулганын Патрулдук милиция маалымдады.

Мас абалында унаа башкарып баратып кармалганы үчүн чиновниктер моралдык жоопкерчилик сезип кызматтан кеткен учур көп кездешет. Айрыкча мыйзам жакшы иштеген өлкөлөрдө. Кыргыз жеринде моралдык жоопкерчилик сезип кызматты тапшырып кетүү көрүнүшү сейрек учурайт. Өлкөдө жыл сайын мас айдоочулардын айынан көптөгөн өмүрлөр кыйылары маалым. Ошондуктан мас айдоочуларга жазаны катуулатуу талаптары да тынбай айтылып келе жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо