ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК «АПТЕЧКА»

№1047 30-декабрь-5-январь, 2022-ж.

Жаңы жыл майрамы адатта, ден соолук үчүн да сыноо. Мисалы, тамакты көп жеп алып сиңире албай кыйналабыз. Бул жатта врачтардын кеңешин сунуштайбыз. Эскертүү! Эгер өнөкөт ооруңуз болсо, анда төмөндө сөз болчу дарыларды колдонууда дарыгер менен кеңешип алышыңыз кажет.

ТАМАК СИҢБЕЙ ЖАТСА...

Тамакты ашыкча жеп алсаңыз организмди “стресс” режиминен “калыптагыдай иш” режимине кайтаруу кажет. Анткени ашказан, ичегиге гана эмес, тамак-ашты сиңирүүгө катышуучу боор, өт баштыкчасына да күч келет. Андыктан ашкере көп тамактанып алган күндүн эртеси организмге жардам берүү үчүн 1,5 литр газдалбаган суу ичүү керек. Эгер майлуу тамакты көп жесеңиз, сууга лимон кошуп ичиңиз. Камыр тамак көп жесеңиз, сууга имбирь жана бал кошуңуз. 1,5 литр сууга 1 аш кашык бал, 1 аш кашык сүргүчтөн өткөрүлгөн имбирь. Этти, жумуртка аралашкан салаттарды көп жесеңиз, анда 1 литр сууга 1 аш кашык куркума же 1 литр сууга 1 бадыраңды майда туурап ичиңиз. Кадимки таза суунун өзүн ичсеңиз да болот. Тамак сиңирүүдө мезим таблеткасы да жакшы жардамчы.

БАШ, ТИШ ООРУСА...

“Аптечкаңызда” оорутууну басаңдатуучу, сезгенүүгө каршы жана дене табын түшүрүүчү каражаттар болгону жакшы. Мисалы, анальгин, баралгин жана башка.

Көңүл айланып куску келсе...

Көңүл айланууга, кусууга каршы мотилиум дарысы сунушталат.

Зарна болгондо...

Зарнага каршы маалокс, гастал, гевиксон же алмагель жакшы жардам берет. Көрсөтмөсүнө карап колдонуңуз.

Ууланууда...

Майрамдарда тамак-ашка ууланган учурлар да кездешет. Жеңил ууланганда активдештирилген көмүр, энтеросгель жана полисорб жардамга келет. Активдештирилген көмүр ич көбүүдө да натыйжалуу.

Ич өтсө...

Майрамдык эс алуу күндөрү ич өтүп, даараткана менен улам “көрүшкүңүз” келбесе, имодиум, лопедиум же стопдиар каражатын ичиңиз.

Аллергия кармаса...

Тамак-аштан же цитрус жемиштеринен аллергияңыз кармап калса төмөнкүлөрдү колдонсоңуз болот. Активдештирилген көмүр - 1 күндө 3 маал. Ар бир 10 килограмм салмакка 1 таблетка туура келет, салмагыңыз 60 килограмм болсо 6 таблетка ичүү керек.

Полисорб суспензиясы – 3 маал 1 чай кашыктан 50-70 грамм сууга кошулуп ичилет.

Аталган дарылар ичилип бүткөн соң кальцийдин глюконатынан 3 маал 2 таблеткадан ичүү кажет. Бул да 7 күн ичилет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо