БИР БҮРКҮМ. АЖЫЛЫККА 6 МИҢ КВОТА БӨЛҮНДҮ...

№1049 13-19-январь, 2023-ж.

  • 2022-жылы президенттик администрацияга жарандардан 19 844 кайрылуу түшкөнү айтылды.
  • Рамиз Алиев Бишкектин “Тазалык” ишканасынын директору болуп дайындалды.
  • Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына туруктуу аба каттамы ачылмакчы.
  • 9-январда ЖОЖдорго абитуриенттерди келишимдик негизде кабыл алуунун 2-туру башталды.
  • Экс-депутат Канатбек Исаев 11-январда үй камагына чыгарылды.
  • УКМК: Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн чек арасын ачты.
  • Ош мэриясынын аппарат башчысы Камчыбек Досматов кызматтан кетти.
  • 2023-жылы мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 22-марттан 26-мартка чейин болору айтылды.
  • Эркинбек Осоев Кыргыздын Япониядагы элчиси болуп дайындалды.
  • Сауд Арабиясы ажылык зыярат үчүн Кыргызстанга 6000 квота бөлдү.
  • Сокулук районундагы мал базардын начар абалы үчүн аталган райондун акими Курбанбек Айтибаев иштен алынары айтылды.
  • Улан Айтбаев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
  • Кара-Балтада 9-январда атчан улакчыны кичиавтобус сүзүп кетти, улакчы ооруканадан каза тапты.
  • Айбек Айдарбеков Кыргыздын Новосибирск шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
  • Жогорку Кеңеш таксисттерди лицензия алууга милдеттендирчү мыйзамдын долбоорун 11-январда четке какты.
  • Кочкор-Атада өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү атап, жарандардан акча талап кылгандар кармалышты.
  • Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 20 жаңы автобус алынып келгени кабарланды.
  • 10-январда Талас шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо