ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ ОРУСИЯ-УКРАИНА СОГУШУНУН КЫРГЫЗСТАНГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН АЙТТЫ

№1049 13-19-январь, 2023-ж.

Кыргыз экономикасы коронавирус пандемиясынан кийин калыбына келе баштады. Кырдаал турукташууда. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев 12-январда радиолордун биринин түз эфиринде билдирди.

– Бирок 2022-жылы Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы башталганда улуттук валютабыздын куну кескин түшүп кетти. Мунун айынан экономикадагы абал сезилерлик начарлай түштү. Ушундан улам министрлер кабинети кырдаалды анализдеп, тобокелчиликтерди эске алып антикризистик план даярдаган. Баалардын өсүшүн гана кармап туруу эмес, экономиканын бардык тармагын өнүктүрүү пландалган,- дейт Амангелдиев.

Антикризистик пландын негизи – калкты азык-түлүк, товар менен камсыздоо болгон, бул план ишке ашты дейт министр.

– Украинада аскердик операция башталгандан кийин товар жеткирүү иши үзгүлтүккө учурады. Айрым товарлардын, мисалы, дан азыктарынын, кумшекердин жетишсиздиги жаралды. Күйүүчү майлардын баасы өсүп кеткенин көрдүк. Ушундай нерселердин баарынын таасирин азайтуу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом чыгым кылууну пландаганбыз,- деди экономика министри.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо