Эмил Жамгырчиев: “САРСАНАА БОЛУП, МАГА ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАГАН УКМКга РАХМАТ”

№1049 13-19-январь, 2023-ж.

Бир нече аптадан бери дайынсыз делип жаткан депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынына келди. Депутат журналисттерге маалымат берип, 1,5 айдан бери эмнеге жумушка чыкпаганын айтып берди. Айтымында, атасы катуу ооруганда эмгек өргүүсүн алган, 2 апта өзү да ооруган, Кыргызстандан сыртка чыккан эмес. УКМКнын ага издөө жарыялаганы боюнча да комментарий берди.

– Бул алардын тикелей милдети. Ар бир жаран дайынсыз кетсе издөөгө тийиш. Депутаттык жөнөкөй кызмат эмес, сарсанаа болуп мага издөө жарыялаганына ыраазымын. Ошондо эле Бишкекте жүргөнүм тууралуу маалымат бергем,- дейт эл өкүлү.

2022-жылдын декабрь айында УКМК депутат Эмил Жамгырчиевдин дайыны чыкпай жатканын, ал Кыргызстандан сыртта болушу мүмкүн экенин билдирип, ага издөө жарыялаган. Жамгырчиев бир нече жолу суракка чакырылган, анын жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болгон жок” деп жарыялашкан УКМКдан.

Буга чейин кесиптеши Эльвира Сурабалдиева Эмил Жамгырчиев Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, кайра коё берилгенин айтып чыкса, көп өтпөй депутат Жанар Акаев Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу аппараттар табылганын парламент трибунасынан билдирген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо