БИР БҮРКҮМ. МЕКТЕПТЕР АГАЙЛАРГА МУКТАЖ...

№1050 20-26-январь, 2023-ж.

  • Улукбек Султанов башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды.
  • Чүйдө мектеп курууда 15 миллион сомду мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип 4 жаран кармалганы маалымдалды.
  • ИИМ: Бишкекте милиция кызматкери баңгизат колдонууга шектелип кармалды.
  • Билим берүү жана илим министрлиги “Мектептер агайларга муктаж” аттуу акция жарыялады.
  • Жаныбек Керималиев Кыргыз мал чарба жана жайыт изилдөө институтунун директору болуп дайындалды.
  • 26-январда Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев келери айтылды.
  • Орусияда Кыргыз жаранын тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, алар да Кыргыз жарандары.
  • Бишкек-Ош трассасынын кооптуу жерлеринде кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүрүүдө.
  • Таластын Көк-Таш айылында үй жылытуу системинин меши жарылып, 33 жаштагы келин каза тапты.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктердин чет өлкөдөн дарылануусуна тыюу салууну сунуштады.
  • 2022-жылы өлкөдө 74 580 жаран пенсияга чыкканы айтылды.
  • “Коопсуз шаардын” камераларына көп түшкөн чет элдик автоунаалар текшерүүгө алынары кабарланды.
  • Ошто "Муслим" турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду.
  • "Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алгандардын саны азайды" деп маалымдалды.
  • Баткен облусунун аймагында 18-январда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Курманбек Бакиев жубайынын каза болушуна байланыштуу көңүл айткан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.
  • Бишкек шаары абасынын кирдиги боюнча кайрадан дүйнөдө алдыга чыкты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо