“ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫН АТАЙЫН ӨЧҮРҮҮЛӨР БОЛГОН ЖОК, АРГАСЫЗДЫК” ДЕШТИ ЭНЕРГЕТИКТЕР

№1050 20-26-январь, 2023-ж.

Кыргызстанда мезгил-мезгили менен электр жарыгын өчүрүүлөр элде нааразычылык жаратууда. Өчүрүүлөрдүн себебин “Улуттук электр тармактары” ишканасы күн суукта электр энергиясын керектөөнүн күчөшүнө байланыштуу деп түшүндүрүүдө. Мындан ары убактылуу өчүрүүлөр болору алдын ала абоненттерге эскертилип турарын ишкана 18-январда маалымдады.

– Электр энергиясын керектөөнүн күчөшү электр жабдыктарына абдан күч келтирүүдө. Ири авариялардын алдын алуу үчүн басымды жеңилдетүү чаралары көрүлүүдө. Мурда кайсы райондо, кайсы учурда электр энергиясын керектөө күчөй турганын айтуу кыйын эле. Анализдеп чыктык, эми кайсы аймактарда, кайсы учурда электр жарыгын керектөө күчөй турганын жана кыска мезгилге өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин аныктап, алдын ала эскертүүгө болот,- деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчиси Таалайбек Байгазиев “катуу суукта Токтогул ГЭСинде суткасына 70 миллион метр кубдан суу керектелип жатат. Ушундай режимде 10 күн иштесе эле 700 миллион метр куб суу кетет. Минтип отура берсек жазында Токтогул ГЭСи иштебей калышы мүмкүн. Ошондуктан жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатабыз, бул светти атайын өчүрүү эмес, аргасыздык” деген эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо