Кыргыздын мурдагы 5 президенти Дубайда бетме-бет сүйлөштү. КИМИСИ КАНДАЙ ПИКИРДЕ?

№1055 24-февраль-2-март, 2023-ж.

Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн мурдагы 5 президенти: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков Дубайда бетме-бет жолугушту. Президент Жапаров экс-ажолорду чогултуп сүйлөшүү көптөн берки кыялы болгонун, жолугушууда алар бири-бирине таарынычтарын айтып, аягында кечиришкенин белгилейт. “Өлкөнүн келечеги үчүн эски таарынычтарды унутуп, биригели”,- дейт Кыргыздын 6-президенти.

Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду жолуктуруп, элдештиргенин, экөө бири-бирин кечиришкенин да ачыктады. Ал эми Бакиевди реабилитациялап, Кыргызстанга алып келгени жатышат деген жоромолдор боюнча Бакиев Кыргызстанга келсе камакта отурушу керек. Анткени ага карата соттун чечими бар” деген жооп узатты.

Дубайдагы жолугушуу тууралуу “экстерден” биринчи болуп Алмазбек Атамбаев 18-февралда билдирүү жасады.

– Мен деле өлкөдөгү ынтымак үчүнмүн, Садыр Жапаровдун ак ниет ойлорун баалайм. Бирок жолугушуунун аягында эч ким менен коштошпой, “англисче” чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Өлкөбүздө тынчтык жана ынтымакты орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга алып келүү – бул эки башка нерсе. Өтө көп кан төгүлгөн, көп нерсе унутулбашы керек жана мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров менин айткандарымды угуп, туура чечим кабыл алат деп ишенем,- деди Атамбаев.

Атамбаев зарылчылык жаралса, бул жолугушуунун майда-чүйдөсүнө чейин айтып берерин кошумчалады.

20-февралда Аскар Акаев да билдирүү жасап, азыркы бийликти мактап, Дубайдагы жолугушууну “тарыхый окуя”, ал эми Жапаровдун демилгесин “даанышмандык” деп атады. Акаев бардык экс-президенттер жолугушуунун аягына чейин отурганын, баары президент Жапаровдун оюн колдоого алганын белгилейт.

21-февралда Сооронбай Жээнбековдун комментарийи жарыяланды. Анда Жээнбеков Бишкекте Атамбаев менен жолугушканын ырастап “экөөбүз тең өз пикирибизди айтып, аягында кол алышып тараганбыз” деди. Ал эми Садыр Жапаровдун демилгеси элдин ынтымагын гана көздөйт дейт экс-президент.

Бакиев менен Отунбаева бул жолугушуу тууралуу комментарий беришкен жок. Башкы прокуратура да Бакиев боюнча сот чечими күчүндө экенин белгиледи.

Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтып келсе, дароо камалат. Анткени ал 2016-жылы 7-Апрель жана башка эпизоддор боюнча 30 жылга эркинен ажыратылган,- деп маалымдады Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 20-февраль күнү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо