МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЭМНЕ ЖАҢЫЛЫК КИРГИЗЕТ?

№1056 3-9-март, 2023-ж.

1-мартта Жогорку Кеңеш билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин карап, жактырды. Аны министрлик кызматка төрага Нурлан Шакиев сунуштаган. Жыйында Иманалиев билим берүү тармагында эмне иштерди жасай турганын айтты. Айтымында, жылына 2 мугалимге Кыргыз Эл баатыры деген наам берилет. “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир, негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон 5 мугалимге 1 миллион сомдон сыйлык берүү пландалууда. Айтор, мугалимдин статусун көтөрүү керектигин билдирди.

– Кыргызстандын билим берүү системинин 60 пайызы дүйнөлүк стандартка туура келбейт. Бизде 73 жогорку окуу жайы бар, алардын бирөөсү да дүйнөдө эң керектүү делген 10 кесип боюнча адис даярдабайт. Билим берүүнүн концепциясы 3 багытты камтыйт: улуттук, советтик жана дүйнөлүк педагогиканын жакшы жактарын алып, Кыргыздын моделин иштеп чыгабыз,- деди ал.

Маалыматка таянсак, 1-апрелден тарта мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы 50 пайызга көтөрүү пландалууда. Ал эми 1-сентябрдан тарта жаңы окуу стандарттары иштеп баштап, жыл аягына чейин баштапкы реформаларды ишке ашырып үлгүрүү керектигин белгиледи Иманалиев.

Мектепте окуучулардын ата-энелеринен акча чогултууну токтото албай турганын моюнга алды.

– Бүтүндөй укук коргоо органдары токтото албай жаткан көрүнүштү токтотуп салам деп айта албайм, бул кыйын. Бирок азайта алам, анткени директорлордун айлыгын көтөрүү буга таасирин тийгизет. Мектепте атайын беренелер менен белгиленбеген чыгымдар бар, мисалы, мектеп кароолчусунун айылыгын төлөө. Буга ата-энелерден ыктыярдуу түрдө акча чогулта берсе болот, бирок топтолгон акча кайда жумшалып жатканы ачык болушу зарыл,- деди ал.

Депутат Адахан Мадумаров бардык азаптын баары ушул “ыктыярдуу түрдө” деген сөздө жатканын айтты.

– Ыктыярдуу түрдө эч ким бербейт, берүүгө аргасыз кыласыңар. Ата-энеси акча бербеген окуучуну тургузуп алып башкалардын көзүнчө урушасыңар, басынтасыңар. Ушундан улам ата-эне берүүгө мажбур болот,- деди депутат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо