МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ ӨЗГӨРӨТ

№1056 3-9-март, 2023-ж.

1-мартта Жогорку Кеңеш мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 1-окууда карап, кабыл алды.

Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришинче, долбоор аркылуу колдонулуп жаткан мыйзамдын редакциясын Конституцияга ылайык келтирүү, кыймылдуу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча кенемтелерди жоюу, мамлекеттик мүлктү сатып алуучу боло турган жактарды тактоо, менчиктештирүү ыкмаларын колдонуудагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу өңдүү максаттар коюлган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ишенимдүү башкаруучу сынак аркылуу тандалган мамлекеттик, юридикалык жана жеке жактар боло аларын, алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө иш алып барарын белгилейт.

– Бирок алар келишимде көрсөтүлгөндөй ишкананы иштетип кете албаса, кепилдик үчүн алынган 10 пайыздык каражат мамлекетте калтырылып, келишим бузулат. Эгер жакшы иштетип кетсе, 10 пайыздык кепилдик өзүнө берилет,- деди министр.

Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 63 мамлекеттик ишкана, 34 акционердик коом бар. Алардын жарымы гана өзүн-өзү актап иштеген ишканалар экени айтылды.

Депутат Жанар Акаев мамлекеттик мүлктү басып жата бербей, жеке жактарга берүү идеясы туура экенин айтты.

– Мамлекет башкарган жерлердин баарында коррупция. Мисалы, мамлекеттин карамагындагы “Семетей” мейманканасы 2017-жылы 57 миң сом гана салык төлөгөн. Ал эми ошонун жанындагы эле кофейня айына 250 миң сом салык төлөгөн. Мына, мамлекеттик мүлктү башкаруудагы абал,- деди Акаев.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо