БИШКЕКТИН МЭРИН ЭМИ ЭЛ ТҮЗ ШАЙЛАШЫ МҮМКҮН

№1058 17-23-март, 2023-ж.

Бишкектин мэри мындан ары эл тарабынан түз шайланышы мүмкүн. 14-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети тийиштүү мыйзам долбоорун талкуулап, 1-окууда жактырды. Демилгечи депутаттардын бири Жанар Акаев мындай дейт:

– Бишкектин мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотуу жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоочу олуттуу саясий чечим. Бишкектиктер жетекчисин түз шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Келечекте бул тажрыйбаны өлкөнүн башка шаарларына да жайылтууга болот. 2020-жылкы октябрь окуяларынан бери 8 жолу мэр алмашыптыр, шаардыктар мэрдин атын жаттаганга жетишпей калууда. Мэр болчу адам элге өзүнүн программасын айтып, түз шайланышы керек. Ошондо гана шаар башчысы элди кыдырып маселени чечет, азыркыдай 2-3 адамдын көңүлүн алганы үчүн гана кызматка дайындалып калбайт.

Комитет мүчөлөрү демилгени колдоп, мэрди түз шайлоо менен катар аны кайра чакыртып алуу нормасын да так көрсөтүү керек деп билдиришти.

Кыргызстанда шаар мэрлерин түз шайлоо сунушу көптөн бери айтылып, бирок “эл даяр эмес” деген алсыз шылтоого таянып ишке ашпай келет. Азыркы тапта республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын башчыларын президент, райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин аким кызматка дайындайт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо