БИР БҮРКҮМ. ӨЗГӨНДӨ ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРДҮ...

№1059 24-30-март, 2023-ж.

  • 2022-жылы Кытайдан Кыргызстанга 1354, 2023-жылдын алгачкы 2 айында 604 электромобиль алынып келгени маалымдалды.
  • Улуттук статистика комитети: Учурда өлкөдө жумушсуз катары расмий каттоодо турган 74 миң жаран бар.
  • 21-мартта Кара-Балтада бир кишини поезд сүзүп кетип, жаран ооруканадан каза тапты.
  • Ысык-Көлдө жаранды опузалап акчасын тартып алууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы айтылды.
  • 21-мартта Ооганстанда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди.
  • 22-мартка карата Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 875 миллион метр куб суу калды.
  • УКМК: Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин калкалоосу астында иштеп келген жашыруун казино табылды.
  • Улук Кулукеев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.
  • Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелде аяктайт.
  • Кыргызгидромет: Жакынкы күндөрү өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлбөйт.
  • Салмагы 500 килограммдан ашкан баалуу металлды Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынды.
  • Президент Садыр Жапаров быйыл май айында Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барары айтылды.
  • Бишкектин "Тазалык" ишканасынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды.
  • Жалал-Абад облусунда тийиштүү лицензиясы жок иштеп жаткан 78 стоматологиялык клиника убактылуу жабылды.
  • 22-мартта Озгөн районунун Карл Маркс айылынын аймагында жер көчкү жүрдү, жабыркагандар жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо