ЭКС-ЧИНОВНИК ЗИЛАЛИЕВ 2 АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ

№1059 24-30-март, 2023-ж.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2 айга – 2023-жылдын 15-майына чейин камакка алынды. Экс-министр №1 СИЗОдо кармалат.

УКМКнын маалыматына таянсак, Дүйшөнбек Зилалиев 2017-жылы жогорку кызматта турганда кен иштетүүгө лицензия алуу боюнча маселесин чечип берүүнү убадалап, жарандардын биринен 50 миң доллар алган. Бирок убадасын аткарган эмес, алган акчаны да кайтарып бербегени айтылат маалыматта. Кылмышка шектүү 2016-2017-жылдары өлкөнүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеп турган.

Зилалиевдин жактоочусу Самат Матцаков ЖМКларга комментарий берип, кардарына карата козголгон кылмыш ишин ойдон чыгарылган деп атады. "Арыз жазган адамды Зилалиев тааныбайт, арыз да 6 жылдан кийин жазылып жатат. Жабырлануучу менен бетме-бет сүйлөштүрүү өтүнүчүбүздөн баш тартышты",- деди жактоочу 24.kg сайтына.

Эскерте кетсек, Зилалиев 2018-жылы “мыйзамсыз баюуга” шектелип кармалып, 2020-жылы 9 жылга эркинен ажыратылган. 2021-жылы Жогорку Сот мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. 2022-жылы Зилалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо