ӨЛКӨГӨ ТАШЫЛЫП КЕЛАТКАН 500дөй УНАА БЕЛАРУСТА КАРМАЛЫП ТУРАТ

№1060 31-март - 6-апрель, 2023-ж.

Кыргызстанда ташылып келе жаткан 500 унаа Беларуста документтерде унаалардын баасы төмөндөтүлүп көрсөтүлгөнүнөн улам кошумча текшерүү үчүн жыл башынан бери кармалып турат. Бул тууралуу Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

– Кыргызстандын тийиштүү органдарына бул маселе боюнча маалымат жөнөтүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын Беларустагы элчиси аталган өлкөнүн Мамлекеттик бажы комитетинин жетекчиси менен жолугушту. Эки өлкөнүн Бажы органдарынын жетекчилеринин орун басарлары сүйлөшүү жүргүзүп жатышат,- деп билдирет ТИМ.

Беларусь 2022-жылдын күз айынан баштап Кыргызстандын автоунаа ташуучуларынын ЕАЭБдин аймагына алып кирип жаткан унаалар боюнча анализ жүргүзө баштаганын Беларустун Бажы органы маалымдаган.

Буга чейин ишкерлер Кыргызстанга ташылып келе жаткан 500дөн ашык автоунаа Беларустан өткөрүлбөй жатканын айтып Кыргыз бийлигине кайрылган. АКШдан жана Европадан унаа ташыган кыргыз ишкерлердин баары ушундай көйгөйгө кабылып жатышканы, жүктүн башка өлкөнүн аймагында айлап кармалышы ишкерлерди кошумча чыгымга учуратышы мүмкүн экени айтылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо