АТАКТУУ ЭКИ ХИРУРГ МАМАКЕЕВ МЕНЕН АКРАМОВ 42 ЖЫЛДАН КИЙИН ЭЛДЕШТИ

№1060 31-март - 6-апрель, 2023-ж.

Кыргыздын белгилүү хирургдары Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов 42 жылдан кийин элдешти. Жарашуу демилгесин Мамакеев көтөрүп, эки хирургдун жолугушуусу быйыл 17-мартта өткөн. Жолугушуу учуру тартылган видеодон Мамакеев таарынычтардын баарын унутканын кайра-кайра кайталап, Акрамовдун колун бекем кармап алып ага жакшы сөздөрдү айтканын көрүүгө болот.

– Кырк жыл өттү, көрүшпөдүк. Сени көргөнүмө абдан кубанычтамын, коркунучтуу убакыт өтсө да, мен сени эч качан унутпадым. Менин эң биринчи, эң сүйүктүү окуучум сенсиң. Эң башкысы – өткөндү эстөөнүн кереги жок. Эми мына, карыдык,- деген Мамбет Мамакеев Эрнст Акрамовго чепкен жаап, башына калпак кийгизди.

– Бүттү, мендеги жүктүн баары алынды. Биздин мамилебизди врачтар, айрыкча, хирургдардын баары билет. Эми эки баатыр элдешти деп баары билишсин,- деп кошумчалады аягында.

Эскерте кетсек, Мамбет Мамакеев учурда 96 жашта, ал эми Эрнст Акрамов 86 жашта. Экөөнүн ортосундагы таарынычтын себеби көпчүлүккө белгилүү эмес.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо