2010-ЖЫЛЫ ӨРТТӨЛГӨН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН ИМАРАТЫНЫН ОРДУНА 29 КАБАТТУУ ИМАРАТ КУРУЛАТ

№1061 7-13-апрель, 2023-ж.

Бишкекте 2010-жылкы төңкөрүш учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна 29 кабаттан турган бийик мунаралуу административдик имарат курулат. 4-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго долбоордун эскизи тааныштырылды. Имарат Ala-Tower деп аталып, анда музей, соода жайлары, жер астындагы унаа токтотмосу жана башкалар болору пландалууда. Маалыматка таянсак, инвестор аталган имараттын ордун 5 жылга ижарага алганы жатат.

Акылбек Жапаров имаратты куруучу компания көп факторлорду, анын ичинде имарат борбордук "Ала-Тоо" аянтында жайгашарын эске алышы керек деди. Эң башкысы имарат сапаттуу курулуп, "Ала-Тоо" аянтындагы башка имараттар менен айкалышып бир бүтүн композицияны түзүшү зарыл экени айтылды.

2010-жылдын 7-апрелинде күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна эмне курулары 13 жылдан бери чечилбей келе жатат. Күйгөн имаратты оңдоого 2017-жылы шаардык бюджеттен 120 миллион сом бөлүү пландалып, тендер да жарыяланган. Бирок имараттын 80 пайызы жараксыз деп табылгандыктан, мэрия аны оңдоп-түзөө оюнан кайткан.

2018-жылы “Бишкек башкы архитектура” ишканасы ал жерге шаардыктар үчүн эс алуу аянтчасы курулат деп маалымат тараткан. Бул арада өрттөнгөн имараттын ордуна мейманкана курабыз дегендер да чыккан.

2020-жылы шаардык мэрия ал жерге Бишкек шаардык кеңеши жана шаардагы муниципалдык ишканалар үчүн 7 кабаттуу имарат курулат деп билдирген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо