Милиция кордойт: МОЮНУНА КЫЛМЫШ ИЛИШ ҮЧҮН 20 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТИ АЁОСУЗ КЫЙНАШКАН

№1061 7-13-апрель, 2023-ж.

Токтогул районунда милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигитти аёосуз кыйнашкан. 4-апрелде Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ушундай маалымат таратты.

3-апрелде аталган борбордун Таластагы өкүлчүлүгүнө Талас ОИИБинен маалымат түшкөн. Анда кылмышка шектелип кармалган жаран 2-апрель күнү Токтогулдун Өзгөрүш айылдык милиция бөлүмчөсүндө кыйноого алынганы айтылган. Текшерүүдө жабырлануучунун денесинде көк ала тактар жана сыйрылган жерлер бар экени аныкталган. Кыйноого кабылган жарандын айтымында, милиция кызматкерлери анын моюнуна ал жасабаган бир нече кылмыштарды илүүгө аракет кылышкан. Кылмышты моюнга алдыртуу үчүн аны эстен тангыча сабап, муунтуп кыйнашкан. Андан тышкары желим таяк менен зордуктайбыз деп коркутушканын билдирет Кыйноолордун алдын алуу борбору.

Окуядан кийин жабырлануучуну Токтогулдан Таласка алып келишкен. Окуяга тийиштүү бардык документтер Талас облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилгени белгилүү болду.

Айта кетсек, жабырлануучу 20 жаштагы жигит Таластан мал уурдоого шектелип, Токтогул районунан кармалган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо