КЕМПИР-АБАД ИШИ: КАРМАЛГАНДАРДАН 6 АДАМ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

№1062 14-20-апрель, 2023-ж

Кемпир-Абад ишинде “Массалык баш аламандыкка даярдык” беренеси боюнча айыпталып жаткан 6 жаран үй камагына чыгарылды. Алар Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Таалайбек Мадеминов жана Чыңгыз Капаров. Мындай чечимди 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Айта кетсек, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлүп, ага саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер мүчө болушкан. Комитет жыйын өткөрүүгө жетишкен, андан кийин “массалык баш аламандык уюштурууга даярдык көрүүдө” деп анын мүчөлөрү массалык түрдө кармалган. Аталган кылмыш ишинин алкагында жалпы 27 жаран кармалып, камакка алынган. Алардын арасынан айрымдары буга чейин үй камагына чыгарылганы белгилүү. Жарандык активисттер Орозайым Нарматова менен Перизат Суранова быйыл январь, февраль айларында ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Бир катар эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр кармалгандар абакта негизсиз отурганын айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет. Жакында депутат Тазабек Икрамов да аларды абактан бошотууга чакырган эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо