“АКИМДЕР БӨЛҮНГӨН АКЧАНЫ ИШТЕТЕ АЛБАЙ КАЙРА БЮДЖЕТКЕ КАЙТАРДЫ ДЕЙТ” ДЕПУТАТ

№1062 14-20-апрель, 2023-ж

Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери аймакты өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатты иштете албай кайра бюджетке кайтарып беришти. Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында депутат Улугбек Ормонов ушундай деди.

- Министрлерден кайсы бир долбоорлорду ишке ашырууга акча сурасак, каражаттын баары Баткенге кетип жатат деп алакан жайышат. Ал эми аймактарда бөлүнгөн акчаны кайда жумшашты билбей отурушат. Былтыр августта 500 миллион сом бөлүнгөн. Лейлектин акимчилиги ал акчанын 40 миллионун гана коротуп, калганын бюджетке кайтарып берди. Баткендин акими да бөлүнгөн акчаны иштетпей кайтарып берген. Мындай жоопкерчиликсиз акимдерге чара көрбөсө болбойт. А биз акчанын баарын топтоп Баткенге жөнөтүп жатабыз,- дейт Ормонов.

Айта кетсек, 2021-жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Мыйзамга ылайык, аталган облусту өнүктүрүүгө жыл сайын кошумча 500 миллион сом бөлүнөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев былтыр 500 миллион сом кечирээк бөлүнүп калганын белгиледи.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо