ДЕПУТАТТАР АКЫЙКАТЧЫНЫ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮГӨ ШАШЫП ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛДА КАЛЫШТЫ

№1063 21-27-апрель, 2023-ж.

Парламенттин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды. 19-апрелде Жогорку Кеңеште акыйкатчы бир жылдык иши боюнча баяндама жасады.

Баяндама жасап бүтө электе депутаттар аны токтотушуп, суроо-жоопсуз, дароо добуш берүүгө өтүүнү сунушташты. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети добуш берүү алдында палатага “акыйкатчынын баяндамасы эске алынсын” деп сунуштап, мындай бүдөмүк чечим суроо жаратты. “Баяндама эске алынса эмне болот да, эске алынбаса эмне болот?” деп сураган спикер Нурлан Шакиевге, “эске алынбаса баяндама жактырылбаган болуп эсептелет” деди аталган комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова. Ушундан кийин добушка коюлуп 14 депутат макул, 41 депутат каршы добуш беришти. Андан соң айрым эл өкүлдөрү “баяндамасы жактырылган жок, эми акыйкатчы кызматтан кетүүнү өзү чечиши керек” деп кыйытып айтышты. Айрым депутаттар “акыйкатчыга ишеним көрсөтпөөнү сунуштайм” деп да чыгышты. Депутат Адахан Мадумаров “мыйзамда “өзү чечиши керек” деген норма жок, так процедурасы бар” деп кесиптештерин мыйзамды сыйлоого чакырды. Залда талаш-тартыш жаралып, ушундан кийин гана “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы “акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулсун” деген сунушун кайдан-жайдан таап чыкты. Бул сунуш парламенттин жогоруда аталган комитетинин кароосуна жөнөтүлдү, эми сунуш 7 күндүн ичинде комитетте каралып, анын чечими палатага чыгарылмакчы.

Ошентип комитеттин бүдөмүк чечими менен акыйкатчыны кызматтан кетирүү аракети ишке ашпай, бир топ депутаттар ыңгайсыз абалда калышты, эгер өздөрүнүн одоно катачылыгын сезишсе...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо