ОКУУЧУЛАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫККАН МЕКТЕПТИН БАРДЫК МУГАЛИМДЕРИ ИШТЕН АЙДАЛДЫ

№1063 21-27-апрель, 2023-ж.

Бишкектеги №1 гимназия-жатак мектебинин бардык мугалимдери иштен айдалды. Маалыматты ЖМКлардын бирине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Мектеп окуучуларын митингге тартууга мыйзам жол бербей турганын, 17-апрелде аталган гимназияда болгон көрүнүш катардагы окуя эмес экенин белгилейт Байсалов.

– Мектептин мугалимдери толугу менен жумуштан бошотулду. Балдарды курал катары пайдаланууга жол бербейбиз. Башында мугалимдерди башка мектептерге которуп ишке орноштуралы деп жатканбыз, бирок мындай окуядан кийин баарын иштен айдадык,- деп билдирди чиновник.

Мектепке башка мугалимдер жумушка алынып, жаңы директор дайындалганы маалымдалды.

17-апрелде аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары мектептин короосуна митингге чыгышкан. Алар мектепти башка мектеп менен бириктирүү аракетине каршылык билдиришип, нааразычылык акциясынан улам мектепте сабактар үзгүлтүккө учураган. Мэрия бул мектептеги нааразычылыкты мектептин мурунку директору жаңы дайындалган директорго орун бошотуп бербей койгону менен байланыштырган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо