АБАКТАГЫ КЫЙНООЛОР АКТУАЛДУУ БОЙДОН КАЛУУДА

№1063 21-27-апрель, 2023-ж.

2022-жылы ырайымсыз мамилеге кабылганын айтып Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна 62 адам кайрылган. Бул 2021-жылга салыштырганда 32 пайызга көп экенин аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков маалымдады.

Убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абагында отургандарды кыйноо, зомбулук көрсөтүү, психологиялык басым жасоо көрүнүшү курч бойдон калып жатканы айтылды. Рысбековдун айтымында, кыйноого кабылганын айтып даттангандардын 46 пайызы Жаза аткаруу кызматына, 31 пайызы ИИМге караштуу мекемелерге, 11 пайызы УКМКнын кызматкерлерине, 3 пайызы Саламаттыкты сактоо, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине нааразы.

2022-жылы катталган кыйноо фактыларынын 53 пайызы Бишкек шаары жана Чүй облусунда, 26 пайызы Ош облусунда, 7 пайызы Жалал-Абадда, 7 пайызы Баткенде, 4 пайызы Ысык-Көлдө, 3 пайызы Таласта болгон. Нарында кыйноо фактысы катталган эмес.

Расмий маалыматка таянсак, учурда аталган борбор менен акыйкатчы институтун бириктирүү маселеси каралууда.

19-апрелде Жогорку Кеңеште аталган борбордун жетекчиси 1 жылдык иши боюнча баяндама жасады.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо