Азимбек Бекназаров, экс-вице-премьер: «ШВЕЙЦАРИЯГА АКЧА ТАШЫГАН ЭМЕСМИН»

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

Азимбек Бекназаров тууралуу “миллиондогон долларды Швейцарияга таштап келген” деген сөз тарап, аны аныктоо үчүн өзүнө кайрылып, жооп алдык.

– Айрым ММКлар сизди “августта Швейцарияга 13 миллион доллар алып чыгып кеткен” деп жазышууда. Мунун чындыгы барбы?
– Бул сөз – турган ушак. Мурунку эки президентти колдоп жүргөндөрдү тим койсо, мени жеп жиберейин деп жатышат. Ошолор акча берип, гезиттерге мен тууралуу ушак таратмай адатын токтотушпады. Ал эми элдин кызыкчылыгына каршы иштеген адамдарды дагы далай жолу өлкөдөн качырууга даярмын. Эгерде кимдир бирөө 13 миллион долларды таап келип, мага далилдесе, рахматымды айтып, ошол акчаны өзүнүн колуна карматам.
– Улуттук комиссия июнь окуясынын жыйынтыгын жарыялап, күнөө­лүүлөрдүн арасында сиздин уулуңуздун да бар экендигин айтты. Сиздин жообуңуз?
– Уулум Руслан айрым саясатчылардын балдарына окшоп чет өлкөгө кетип калып же үйүндө корголоп отурбай, элдик кошуун менен Жалал-Абадда жүрдү. Ал кыргыз жигиттеринин катарында элге ок аткандардын куралын алып, комендант Кубатбек Байболовго жардам берди. Мен ушундай уулум менен сыймыктанам. Русландын кылмыш кылганы чын болсо, тиешелүү органдарга ишин өткөзүп беришсин.
Ал эми жыйынтыкка келсек, өткөндө комиссияга УӨнүн мүчөсү болгонум үчүн чакырышкан. Барганымда комиссиянын айрым мүчөлөрү (ысымын атабай эле коёюн) сүйлөгөнгө алы келбей, булдурукташып мас болуп отурушуптур. Корутундусун да ошондой абалда жазышкан го... Корутундусун окуп бүткөндөн кийин коомчулукка өз жообумду берем.
– Анда улуттук комиссиянын чыгарган жыйынтыгына кандай баа бересиз?
– Жалпысынан калыс чыгарды деп ойлойм. Бирок алар кимдир бирөөнүн “ырын ырдап жатышы” да ыктымал. Улуттук комиссия өз жыйынтыгында “Убактылуу өкмөт­түн да күнөөсү бар” деп айтты. Бирок моралдыкпы же саясий күнөөбү, такташпады.
Кайталап айтам, Кудай жана абийирибиз күбө, эл алдында айыбыбыз жок. Баштарын сайып иштеп жүргөндөр күнөөлүү болуп калышты да, ал эми ошол эле учурда партиялык иштер менен алек болгон УӨнүн айрым мүчөлөрү аппак болуп чыга келишти. Ошол эле Абдыганы Эркебаев кандуу окуя болуп жатканда Ошко басып барган эмес. Андай болсо, УӨнүн мүчөсү катары мен сыяктуу эле Эркебаев дагы жооп тартсын.
Дагы бир маанилүү жагдай, мени “күч органдарынын куратору болгон” деп жатышат. Каяктан алып жазышканын билбейм. Бирок мен сот, прокуратура жана Каржы полициясын гана башкаргам. Ал эми Коргоо министрлиги, ИИМ жана УКМК Алмазбек Атамбаевдин карамагында болчу. Андыктан Улуттук комиссия жыйынтыгын так чыгарса демекмин.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
14.01.2011. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кишини корсом садиктеги жаш баланы коргондой болоберем негедир? Кылган иштерин адекваттуу деп эсептебейм.
Биздин Жумабай деген коншубуз болгон рааматылык
аябай иччуу зле(жер кабар кылбасын)ошол адамга окшото берем.
15.01.2011. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишиге такыр ишенбейм!
15.01.2011. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар баскынчылык менен бийлике келишкен, азыр да кетпей жатпайбы... Жаны бийлик келгенде кетебиз деген еле, дагы деле журушпойбу бир нерсе умут кылгансып
17.01.2011. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ВАллахи бул акылдуу келесоо да
17.01.2011. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калп айтып жатканы кебетесинен эле корунуп калат бул кишинин
18.01.2011. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыраак фотосун койсонор болмок, же алысыраактан, же артыдан тарткылачы ушул кишини, иши кылып бети корунбой турган кылып, анткени, бул суротун коркок жаш балдар коруп алса туну уктай албай калат!
18.01.2011. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул адам чыныгы эл душманы бул адам эчкачан элучун иштебейт,бул адамды эркек катарыда корбойм бул адамда намыс жок
19.01.2011. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар суйлошуп алып жазгандайсынар го же бири-биринерге атаандашып жатасынарбы?Ошентсе да эсинерге сала кетейин 1-жолу бийликке каршы ушул киши чыгып соз суйлоп кыргыздын алакандай жери Кытайга отуп кетпесин деп жан талашып курошконун.
19.01.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PaxaT - Элдин козучо баары суйлой берет, а жасаган ишин баалаш керек! Бул киши конкреттуу турдо бир суйлобойт, мисалы, факт катары nurali1989 туура айткан, ушул боюнча Супер откон сандарында мен да жазгам баары бир кетпейт бул киши, деп, мына туптуура чыкты! Дагы бир мисал, Оштун мери Мырзакматов кыйкырат да и еще аткарат элдин талаптарын, Ош учун бир топ жумуш жасап салды, мына ошондой результативный кадр болсо - эл сыйлайт жана колдойт, кайдагы фальшивый, эл учун калп эле куйумуш болбой!!!
25.01.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кишиден эч жакшылык кутпогуло эл колдойт деп баарын жасайт эч ишенбейм мен эмес деп суудан курук чыгат Жаныбек кызымын сайтынан жоноттум
27.01.2011. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу UvE саясаттын сасык оюнуна бир да таза адамдын аралашпашы белгилүү.Ошондуктан сүйлөгөн сөзүн сындасак да сырткы кебетесине сөз тийгизүүнүн кереги жок.Айрыкча сиздин дээңгелиңизге туура келбейт деп ойлойм.Баса кыргыздын "Бака майрык экенин билбей.жыланды ийри дейт" деген макалы эсиме түшүп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо