ҮЧ ГЕНЕРАЛ ИЮНЬ ОКУЯСЫ ҮЧҮН ЖАЗА АЛАБЫ?

№428 14-20-январь, 2011-жыл.

Аптанын жаңылыгы

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп өткөн кандуу окуялар боюнча Улуттук комиссия өз иликтөөсүн жарыялады.
Жыйынтыктын негизинде “кандуу кагылышуунун келип чыгышына башкы күнөөлүү адам” деп өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров табылды. Айыптуулардын катарында Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аттары да аталбай койгон жок.
“Коогалаң болору тууралуу кооптонууларын айтып, чекисттер коңгуроо кагышса да, Убактылуу өкмөт маалыматка маани берген эмес. Аларга ишенишпеген же тийиштүү көңүл бурууга чамалары жеткен эмес”,- дейт комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев. Албетте, кандуу окуя болушу мүмкүн экендиги тууралуу өкмөткө кабар берип, бирок анын алдын алуу үчүн чара көрбөгөн УКМКнын айыбы да опол тоодой. Комиссиянын айыптуулар боюнча “кара тизмесинде” үчүнчү күчтөр жана Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев жүрөт. Бакиевдерди кандуу окуяны уюштуруучулар катары айыптоого интернетке жарыяланган телефон менен сүйлөшүүлөр гана далил катары берилиптир. “Кара тизмеге” Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров да катталган.
Из жашырып кеткен экс-депутат Кадыржан Батыров улуттар аралык кагылышуунун негизги уюштуруучусу болгону көп ирет айтылды. Президент Роза Отунбаева өзү дагы ММКларга берген маегинде өзбек лидеринин бир канча жолу Бишкекке келип ага жолукканын жана кызмат сураганын айткан. Шибегени капка ката албагандай эле, мамлекет башчы Ошто кандуу окуя башталып кеткенден кийин журналисттерге “бизде бул жөнүндө маалыматтар бар болчу, бирок божомолдордон эртерээк башталып кетти” деп оозду ачырган. Билип туруп кебелбеген УӨ да мындай кадамы үчүн жооп бериши керектиги анык.
Азырынча белгилүүсү Абдыганы Эркебаевдин айтылган талабы болду. Ал өкмөттөн Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Болот Шер, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ош жана Жалал-Абад облусунун губернаторлору, шаар башчыларына карата тийиштүү чара көрүү керектигин айтты. Анда Дүйшөбаев мырза
УКМКнын жетекчилигинен кол жууса, депутаттар Исмаил Исаков менен Болот Шерди кол тийбестиги сактайбы? “Дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө мындай учурда тиешелүү чиновниктер өздөрү отставкага кетишет. Кетишпесе, демек, мажбурлоого туура келет”,- деди комиссиянын төрагасы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(18)
14.01.2011. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле мурунку бийлик бул бийлик деле И.Исаковко асылат ал убакта Исаков соттолуп апрель окуясынан кийин элдер турмодон чыгарып келишкен Ош окуясы ал жаны эле иштеп баштаганда болгон А.Эркебаев менен Исаковтун ортосунда келишпестиктер бар ошол учун Эркебаев муну атайлап илештирди
15.01.2011. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahtyn baleesi dagy kelet eger oshol jerdin kalky ozgorboso! Biz kancha izdebeyli gunookor adamdardy, baaribir Allah kaalagan jerge jamandyk je jekshylyk kelet! men Osh shaarynan bolsom da aityp otushum kerek, Osh ayabay buzuldu Ech kachan Kafe Restoran je Klubdar jakshylyka alyp kelbeyt, shaardyn ortosunda soykuluk achyka chygyp kalgan ele, bul korunush kancha jyldan beri kelet, Oshtogu okuya baarybyzga sabak, biz ozubuzdun dinibizdi bilbegen uchun EVREYLER bizdi mintip kyryp jatat oylongula
15.01.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактылуу окмот куноолу баарына, канчалаган Куноосуз адамдар олуп кетти... Ошто уруш болуп жатканда Исаковдон башка бироо да барган жок, анан бироосу италияга барып эс алып дагы бироосу башка мамлекетке акча которуп журушсо, кай жака онугот Кыргызстан
15.01.2011. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин, ушул бийлике келип кеткендердин артыдан кимдир бироолор эле айыпталып, жок эле куноосун жарыялап сурака тартып жатканы кейиштуу! Мисалы, булардын арасында И.Исаковго койгон куноосу туура эмес, бул киши мамлекеттин генералы катары Оштогу тополонго барды, маселени закондун чегинде чечууго аракет кылды, дагы эмне айып? Эгер лично бул киши камалса мамлекетте дагы митингдер башталып, учурдагы бийлике нараазычылыктар башталат, себеби, бийлик туура эмес куноону коюп жатат!
15.01.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер чындыгында куноосу болсо Исаковдун анда Отунбаева да жоопко тартылсын жогорттогу айтылган созу учун!Алдын ала билген экен, а кантип билген, ким аркылуу билген?! Ушундай суроолорго жоопко тартылса эле кимдер куноолуу, а кимдер куноолу эмес экени айкын болуп калат, бирок тилеке каршы, жоопко тартылбай калды го, себеби, кыргызчылык да, боло берет!!!
15.01.2011. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исаков кунолуу болсо анда Отунбаева,Атамбаев,Сариев кыскасы УОмотто иштегендердин бардыгы куноолу болуп жоопко тартылыш керек
15.01.2011. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми башка адам калбай калгансып Эркебаевди коммиссия торогасы кылганы бул чон анонс! Ошол кооптуу учурда бир нерсе боло калса эле туштук бир эле Исаковго керек болгонсуп УОтон бироо басып барып койгонго жараган жок да, бугун болсо Исаков куноолуу дегени акылга сыйбаган жорук. А Дуйшобаевтики башка кеп анын башкы чекист кечирилгис куноосу бар, бир эле анын эмес Текебаев Атамбаев Сариев Отунбаевалардын ббарын жоопко тартыш керек!
16.01.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфффф тупизммм... а.эркебаев озу эмнени кыйратыптыр..туштон кийин кыйын болуп чыга калганды жакшы билишет.....качан бир ийри отуруп туз кенешип .. бир жыйынтыкка келип мамлекетти ойлошот...бийлик соройлор эч кимиси бирин бири тушунгусу уккусу жок кайдагы бир эски жеке таарнычтары учун отношение выяснять этишкенден башка...
17.01.2011. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бизде чон армия барбы ыя? Генералыбыз эле коп?
17.01.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер. Эркебаевди мен андай деле сыйлаган адам эмесмин. бирок бул комиссиянын чечими. Эн туура айтылып жатат. Акчага сатылган жок, антсе озбектер куноосун жон эле сатып алмак. Бийликке умтулган жок, УО жооп берсин деп жатат. Бакиевге да сатылган жок. Бири-бирибизди бутубуздан артып журуп дагы 1990-жылдагыдай куноолуу болуп калабыз. Создун артын ойлойлучу. Жерибизди тарттырып кул болуп калбайлы. Жаман да болсо кыргыз деген болсун. Озбектер баштаганын баарыбыз билебиз.
17.01.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit туппизм депсин, анда айтчы ким баштады...
18.01.2011. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолу деп куноолулордун арасында президент айымды да эсептейм.Эмнеге алдын ала уккандан кийин алдын алган эмес.Бул да болсо биздин чондордун бейкапарлыгы.Канчалаган кыргыздар бейажал олуп кетишти.Куноолу озбектерди катык жазалаш керек.Озбекстандагы кыргыздар озбектер менен урушуп корсун Каримов баш болуп кырып салат.
19.01.2011. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каап эми чыр чыкса эле оздорунун ысымын сакташ учун Бакиев дей эле беришет!
19.01.2011. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билип туруп кайдыгер карап коюп канчалаган элдердин убалында калышты!
20.01.2011. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menimche Kyrgzystandyktarga bir jolku 'perezagruzka, restart' (kayra bashtat) kerek. An-sezim, oy, tushunuk, oy-tolgoo, koz jugurtuu, eseptoo, sanoo degen jashoo tushunuktoruno taktyk kirgizuu kerek. Duyno ar bir sekundada taanylgys ozgoruudo. Oshol ozgoruu yldamdygyn karmoodo eski oy jugurtuulor kereksiz, bosh nerseler katary an-sezimibizden, koomduk oy-pikirden chygyshy abzel. Bolboso, bayagy ele mamaidyn koru...
Iygiliksiz konstitutsia ozgortmoylor, ishkerdik (Kumtor), ideologia, j.b.
21.01.2011. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевди куносу башка жерде да толо аны оштогу окуяга кошпой чыныгы кунолуулор корунуп туратко Абдыганы мырза комисиянын жыйынтыгын тайсалдабастан ачык айтын Алайлык болсонуз Алайда ажалга тике кара деген созунор барго
22.01.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз куноо демекчи убагында тартипти кармабаган бакиевте бир куноо андан кийин бийликти жана калган каткан байлыкты болушо албай жургон уонун мучолорундо эми булар кудайдан корксо жакшы болмок канчалаган адамдын убалына калып отурушат
23.01.2011. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаза албайт аларды козубузду жумуп качырып жиберебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо