БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ: КЫРГЫЗСТАН 1 ЖЫЛДА 50 ОРУН АРТКА ЖЫЛДЫ

№1065 5-11-май, 2023-ж.

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда басма сөз эркиндигинин абалы начарлады деп бааланууда. Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жаңы рейтинги жарыяланып, анда Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашты. Мындан бир жыл мурун өлкөбүз 72-орунда болчу. 2022-жылы аталган уюм басма сөз эркиндигинин абалы абдан начар деп 21 мамлекетти белгилесе, быйыл 31 өлкө аталган категорияга киргизилди.

8 өлкөдө басма сөз эркиндигинин абалы жакшы деп белгиленди: Норвегия, Ирландия, Дания жана башка Европа мамлекеттери. Канааттандырарлык деген категорияга 44 өлкө, көйгөйлүү дегенге 55, начар дегенге 42, абдан начар дегенге, жогоруда жазгандай, 31 мамлекет киргизилди. Буга Түндүк Корея, Кытай, Вьетнам, Иран, Түркмөнстан жана башка өлкөлөр кирет.

– Чындык менен калпты, нукура менен жасалманы, факт менен ойдон токулган нерсени айырмалоо кыйын болууда, бул адамдын маалыматка болгон укугуна доо кетирүүдө,- деп айтылат аталган уюмдун докладында.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо