БЫЙЫЛ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ 20-МАЙДА БАШТАЛАТ

№1065 5-11-май, 2023-ж.

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Тестирлөө 3 этап менен ишке ашырылмакчы.

1-этап: 20-21-май күндөрү.

2-этап: 23-24-май күндөрү.

3-этап: 23-24-июнь күндөрү (белгилүү себептерден улам тест тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн).

Тестирлөөдөн 1 күн мурун тест тапшыруучу борборлор даярдалат. Демек, 19-май, 22-май жана 22-июнь даярдоо күнү. Катталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19 жана 22-май күндөрү тест тапшыруу борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлмөкчү. Кошумча каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

• Абитуриенттин каттоо төгүмүн төлөгөндүгү тууралуу банктын дүмүрчөгү

• Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, мектептен маалымкат (абитуриенттин сүрөтү жана мектептин мөөрү менен)

• Абитуриенттин 3х4 өлчөмүндөгү окшош 2 даана сүрөтү (сүрөт 1 жылдан эски болбоого тийиш).

• Мурдагы жылдардагы бүтүрүүчүлөр үчүн орто билим тууралуу аттестаттын же кесиптик орто билим тууралуу дипломдун түп нускасы.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо