ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУНУН ТААСИРИ АЗАЙТЫЛАТ

№1066 12-18-май, 2023-ж.

Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары кыскарат. Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизгени жатат. Ага ылайык, мындан ары жергиликтүү деңгээлде курултайлар өтпөйт, жаран курултайга 1 жолу гана делегат болуп шайланат. Буга чейин мыйзам долбоору 22-беренеден турса, алардын саны 15ке түшкөн.

– Былтыр курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары көп экен деген сын айтылып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Биз алардын укуктарын кыскарттык. Азыр баары мени жаман көрүп жатышат. Мындан ары делегат 1 жолу гана шайланат, курултайга катышып сөз сүйлөп, сүрөткө түшөт, бүттү. Ушуну менен анын ыйгарым укугу түгөнөт. Буга чейин 3 жылга шайланат, айыл, райондордо курултай өткөрүп жергиликтүү бийликтен отчёт сурайт, акимге ишенбестик көрсөтөт деп сунушталып жаткан,- деди депутат Жанар Акаев.

Депутат Эмил Токтошев элдик курултайдын делегаттарын 2 жылда 1 чогула турган кылыш керек дейт.

– Эч нерсе деле чечишпейт. 2 жылда 1 чогулуп, мактачу кишисин мактасын да, тарап кетишсин,- деди ал.

Айта кетсек, былтыр Элдик курултай жөнүндө мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитети колдоодон баш тартып, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окуудан кабыл алды, депутаттык комиссиянын сунуштары 2-окууда талкууланат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо