ЖЕҢИШ КҮНҮ 78-ЖОЛУ МАЙРАМДАЛДЫ

№1066 12-18-май, 2023-ж.

9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди. Бишкекте баатырларды эскерүү митинги, “Өлбөс полк” жүрүшү өтүп, бул иш-чараларга министрликтин, мэриянын өкүлдөрү, жүздөгөн жарандар катышты. “Өлбөс полк” жүрүшү өлкөнүн аймактарында да миңдеген адамдардын катышуусунда өттү. Президент Садыр Жапаров 8-майда Москвага расмий иш сапары менен барып, Орусиянын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Эртеси 9-майда конок катары Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышты. Буга чейин айрым орусиялык ЖМКларга Садыр Жапаров Жеңиш парадындагы жалгыз конок болот” деген маалымат чыгып, Кыргыз жериндеги интернет колдонуучулары Жапаровду сындоого жетишкен эле. Майрамдык парадга Казакстан, Беларусь, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Армениянын президенттери да катышты.

Эскерте кетсек, 1941-1945-жылкы согушка Кыргызстандан 360 миңден ашык адам аттанып, анын жарымынан көбү кайтпай калган. Азыркы тапта өлкөдө аталган согуштун 68 ардагери бар. Алардын ар бирине быйыл 100 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо