АКЫЙКАТЧЫ БОЛУП ЭКС-ПРОКУРОР ЖАМИЛЯ ЖАМАНБАЕВА ШАЙЛАНДЫ

№1067 19-25-май, 2023-ж.

Парламент 17-майда акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны шайлады. Ага 48 депутат макул деп добуш берди. Ал эми анын атаандашы Бакыт Рысбековду 20 депутат колдоого алды. Айрым депутаттар акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер 51ден кем эмес добуш менен шайланышы керектигин айтып чыгышты. Буга макул эместер Конституция боюнча депутаттардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер жеңүүчү болорун билдиришти. Жыйынтыгында парламент жаңы акыйкатчыны кызматка шайлады.

Жамиля Жаманбаева 25 жыл прокуратура органдарында иштеген. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болуп эмгектенген. 2021-жылы “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын катарында парламенттик шайлоого талапкер болуп, бирок жетиштүү добуш ала алган эмес. Акыйкатчылыкка анын талапкерлигин парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу сунуштаган. Ал эми Бакыт Рысбековдун талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы сунуштаган. “Ыйман нуру” фракциясы Кулира Кубатованын талапкерлигин сунуштап, шайлоого жакын Кубатова талапкер болуудан баш тартканы жарыяланды.

Буга чейинки акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо