ЗОРДУКТОО КЫЛМЫШЫ: Эми тараптардын элдешип алуусу эске алынбай калышы мүмкүн

№1067 19-25-май, 2023-ж.

Зордуктоо жана жыныстык мүнөздөгү кылмыштарда тараптардын элдешип алып, кылмыш иши токтотулган көрүнүштү жокко чыгарыш керек. Мындай пикирди 16-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди. Парламенттин бир катар депутаттары жогоруда аталган көрүнүштү токтотуу үчүн Кылмыш-жаза жана Кылмыш-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Аялдардын атынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын айткан Сурабалдиева буларды билдирди:

– Тараптардын элдешип алуусунан улам токтотулган кылмыш иштери боюнча так маалымат жок. Ар кандай коркутуулардан улам аялдар тосмо арыз жазууга мажбур болушууда. Мындай кылмыштарда тараптардын элдешүүсү таптакыр кабыл алынбашы керек деп эсептейм. Бирок айрымдар буга каршы. Ошондуктан элдешүүгө карабай кылмыш иши милдеттүү түрдө сотко өткөрүлүп берилиши керек деп сунуштап жатабыз.

Ошондой эле депутаттар зордуктоо кылмышы боюнча “кылмыштын эскирүү мөөнөтү” деген пунктун мыйзамдан алып салууну, зордуктоого шектелген жарандын баш коргоо чарасын өзгөртпөөнү сунушташты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо