БИР БҮРКҮМ. КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ КАТУУЛАЙТ...

№1068 26-май-1-июнь, 2023-ж.

  • Жыл башынан бери Орусия абагында отурган 19 Кыргыз жараны мекенине которулганы маалымдалды.
  • ИИМ жарандарды сак болууга, интернет желесиндеги шектүү лотереяларга катышпоого чакырды.
  • Улуттук статистика комитети: Кыргызстан 3 айда 1938 автоунаа экспорттоду.
  • Эсептөө палатасынын кызматкери 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
  • Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды.
  • Мирлан Карагулов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды.
  • Депутат Айбек Осмонов Ысык-Көлдөгү балдар эс алуучу жайлар жеке менчикке сатылып, кароосуз калганын айтып чыкты.
  • Ош шаарынын борбордук стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
  • Өлкөдө коомдук унаалардын жол эрежесин сактоосун көзөмөлдөө үчүн 23-майдан 31-майга чейин рейд жүрөт.
  • “Манас” аэропорту: Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча аба каттамы көбөйтүлдү, жумасына 8 учак абага көтөрүлөт.
  • Казакстанда Ош мамлекеттик университетинин филиалы ачылганы айтылды.
  • Бишкек мэриясы: Жыл аягына чейин Кытайдан жалпы 800 автобус келет.
  • Чүйдө 2 ай мурун жоголгон өспүрүм компьютердик клубдардын биринен табылганы кабарланды.
  • Жанар Акаев, депутат: Коммерциялык банктар ишкерлерди 20 пайыздык үстөк менен насыя алууга мажбурлап жатышат.
  • Камчыбек Ташиев: "Кыргызстанда коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталып, кармалгандарга катаал жазалар колдонулат".

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо