АСКАР АКАЕВДИН ӨЛКӨГӨ КЕЛИШИ МЕНЕН БАКИЕВГЕ КАРШЫЛАР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

№1068 26-май-1-июнь, 2023-ж.

20-майда мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши коомчулукта нааразычылык жаратты. Акаевдин Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде лекция окуу аракети студенттердин каршылыгынан улам токтотулду. Студенттер окуу жайдын жетекчилигине кайрылуу жолдоп, Аскар Акаевдин жаштарга лекция окууга моралдык укугу жок деген өңүттө талап коюшту.

22-майда Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев парламент комитетинин жыйынында Аскар Акаевди министрлик чакырбаганын, эгер ректорлор чакырган болсо алардын өз иши экенин айтты.

– Аны лекция окутпай коюуга менин укугум жок. Бирок ал коомду дүрбөтпөшү керек, эгер кандайдыр бир саясий чагымчылдык болсо, анда ар бир ректор жеке жоопкерчилик тартат,- деди Иманалиев.

Аскар Акаев 2021-жылы Кыргызстанга 2 жолу келип, “Кумтөр” боюнча УКМКда сурак берип кеткен. Кыргыз коомчулугу Акаевдин өлкөдө ээн-эркин жүрүшүн сындап, бул көрүнүштү мурдагы президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо жана өлкөгө алып келүү аракети деп баалап жатышат.

23-майда ондогон жарандар "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгып, Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүүгө каршы экенин билдиришти. Алар Минскке барып Бакиевден маек алган журналист, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевди сындап, “Бакиевди актап, аны өлкөгө алып келерден мурун Апрель окуясында каза болгон балдарды ата-энелерине кайтарып коюңуз” дешти.

Буга чейин Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык желеге жарыяланып, катуу сынга кабылган эле. 23-майда Кошалиев УТРКдагы жумушунан кеткени жарыяланды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо