№1068 26-май-1-июнь, 2023-ж.
Кыргызстанда 2010-жылкы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 24-майда Бишкекте маалымат жыйынында аталган комиссиянын төрагасы, экс-депутат Кубанычбек Исабеков билдирди. Айтымында, аталган окуяларда изилденүүгө тийиш жагдайлар бар.
– 7-Апрель окуясында Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын укук коргоо органдарынын карамагында жок куралдар колдонулган. Бул иште ачыктала элек жагдайлар көп. Анын аягына чыгып, чекит коюш керек,- деди Исабеков.
Маалыматка таянсак, комиссия 2-3 айдын ичинде жыйынтык чыгарып, аны министрлер кабинетине жана Башкы прокуратурага өткөрүп бермекчи.
Маалымат жыйынга бир катар юристтер катышты. Алар 7-Апрель окуясы боюнча буга чейинки иликтөөлөргө жана сот өкүмдөрүнө кайрадан укуктук баа берилиши зарыл деп эсептешет. “Өкүмдөр саясий мотивде чыгып калган” деди алардын бири Юрий Скатневский.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |