МАЛГА САЛЫК КИРГИЗҮҮ: МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

№1068 26-май-1-июнь, 2023-ж.

Малга салык киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, үйүндө 40 баш кой-эчкиси, 3 баш ую, 2 баш жылкысы барлар салык төлөөгө милдеттүү. Жандыкка 100 сомдон, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон салык салуу сунушталып жатат. Малына салык төлөгөндөр жайыт үчүн акы төлөөдөн бошотулары айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Депутат ушундай жол менен айыл өкмөттөрдүн кирешесин көбөйтүп, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечсе болот дейт. Тагыраагы, салыктан түшкөн кирешеге айылдарды ветеринардык дарыгер менен камсыз кылууга, малдарды өз убагында эмдөөгө, жайыттарды жакшыртууга шарт түзүү керектигин айтат.

– Азыркы учурда айыл өкмөттүн киреше булагы – айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алуу төлөмү. Бирок мамлекеттик фонддун жерлери арзан баада ижарага берилет, ал эми калган бөлүгү айрым адамдардын чөнтөгүндө калып жатат. Аны менен мамлекеттик фонддун жерлерин бөлүштүрүү айыл өкмөтүнүн чиновниктеринин “бизнесине” айланып калды,- дейт Токторбаев.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо