-
Манасбек Сыдыгалиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
-
Нарындын Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
-
2-3-июнь күндөрү Чолпон-Атада экинчи “Европа союзу – Борбордук Азия” саммити өтөт.
-
Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз аба каттамы ачылары маалымдалды.
-
Бишкек ЖЭБи жылына 25 миллион метр куб суу пайдаланары маалымдалды.
-
Президент Садыр Жапаров быйыл июль айында Монголияга иш сапары менен барары маалымдалды.
-
Бишкекте 1-июндан тарта таза суунун тарифи жогорулады.
-
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды 3-окууда кабыл алды.
-
1-июнда Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамы 10-июнда жанданат.
-
Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалды.
-
Кеминдин Боролдой айылы таза суу менен камсыздалганы маалымдалды.
-
Ошто опузалоо жана күч колдонуу менен жарандардын мүлкүн тартып алууга шектелип 2 жаран кармалды.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: "Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу башталды.
-
Депутат Дастан Жумабеков Таласта 2010-жылдан бери иштебей турган "Кичи-Капка" чек ара пунктун кайра ачууну сунуштады.
-
Парламент депутаттары 1-июнда Конституциялык соттун төрагасынын отставкасын талап кылышты.
-
Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздарга алгачкы 2 үйдүн курулушу башталды.
-
Депутат Эрулан Көкүлов "Алтын тамга" мамлекеттик сынагын жоюп салуу керек дейт.
-
УКМК: Жасалма шенген визасы боюнча Кыргызстан аркылуу чет элдик жарандарды Европага жөнөтүү каналы аныкталды.
-
Германия төрөт үйлөрү жана кургак учук ооруканасы үчүн Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлөрү маалымдалды.
-
Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2 эсе өскөнү расмий кабарланды.
-
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы: Учурда 1 килограмм кумшекердин өздүк наркы 78 сом.