БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АДАХАН МАДУМАРОВДУ КЫЛМЫШ ЖООБУНА ТАРТУУ ҮЧҮН КАЙРАДАН ПАРЛАМЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ

№1069 2-8-июнь, 2023-ж.

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди. Сунушту 31-майда спикер Нурлан Шакиев окуп, сунуштун негизинде депутаттык комиссия түзүлдү.

Маалыматка таянсак, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча кылмышка шектелип жатат. Алар: 36-беренеси – кылмышка даярдык көрүү, 278-беренеси – массалык баш аламандыктар, 326-беренси – бийликти күч менен басып алуу, 338-беренеси – бийликтен аша чабуу беренелери.

Депутаттык комиссия Мадумаровго аталган беренелерди тагуу канчалык негиздүү экенин иликтейт деди спикер.

Комиссиянын курамына Кундузбек Сулайманов (“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу), Динара Ашимова (“Ыйман нуру”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Фархат Алимжанов (“Альянс”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Карим Ханджеза (“Мекенчил” депутаттык тобу), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”) кирди.

Эске салсак, Башкы прокуратура депутат Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча 2022-жылы да парламентке сунуш киргизип, депутаттар макулдук беришкен эмес. Анда Мадумаровго Кыргыз-Тажик чек арасына тийиштүү протоколго кол койгону боюнча күнөө тагылган.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо