ЖОЛ ОҢДООДО 293 МИЛЛИОН СОМ КЫМЫРЫЛГАНЫ АНЫКТАЛДЫ

№1070 9-15-июнь, 2023-ж.

Башкы прокуратура жол курууда миллиондор уурдалып жатканын билдирди. Мисалы, көп жылдан бери бүтпөй жаткан Бишкек – Кара-Балта жолун жаңылап курууда 104 миллион 81 миң сом кымырылганы аныкталды.

Текшерүүдө трассаны жарыктандыруу үчүн коюлган темир түркүктөрдүн саны 450гө кем болуп чыккан. Ошондой эле 36 парапет (трассаны экиге бөлгөн бетон тосмо), 2 аялдама, темир торчолор жетишсиз экени, асфальт нормадан жука төшөлгөнү аныкталды. Аталган жолдун курулушун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги көзөмөлдөгөн.

Ошондой эле Ош – Баткен – Раззаков жолун жаңылап курууда 189 миллион сом кымырылганы айтылды. 2017-2021-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган жолду курган компанияга 20 миллион 136 миң доллар которгонун, министрликтин жооптуу кызмат адамдары иш аткаруучу компания 189 миллион 200 миң сомдук жумушту аткарбаганына карабай жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алганын, жолду колдонууга мыйзамсыз киргизгенин белгилейт Башкы прокуратура.

Аталган фактылар боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” жана башка беренелердин негизинде кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо