ТАБИЯТТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

№1071 16-22-июнь, 2023-ж.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Табиятты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды.

УКМКнын маалыматына таянсак, кылмышка шектелип аталган фонддун жетекчиси кармалды.

– Фонддун директору коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу болуп, айрым компаниялардын кызыкчылыктарын алдыга сүрөп турган. 2021-жылы фонд “Кумтөрдөн” бөлүнгөн акча менен толукталган. 3 жылдын ичиндеги каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомду түзгөн. Кылмышка шектүү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып 400 миллион сомдон ашык каражатты экологиялык долбоорго деп ар кандай уюмдарга өткөрүп берген. Иш жүзүндө акча жеке бизнести түптөөгө жумшалган,-– деп айтылат маалыматта.

Акча бөлүнгөн долбоорлор тийиштүү экспертизалардан өтпөй туруп колдоого алынган, алардын максаттуулугу жана актуалдуулугу да эске алынган эмес деп белгилейт УКМК.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүү фондунун директору Елена Калашникова бюджеттик акчаны максатсыз пайдаланууга шектелип кармалган эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо