ЭДИЛ БАЙСАЛОВ ДЕПУТАТТАРГА “ОРДУҢАРДЫ БИЛИП ЖҮРГҮЛӨ” ДЕП ЭСКЕРТТИ

№1072 23-29-июнь, 2023-ж.

20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттарды абайлап сүйлөөгө чакырды. Кайым айтышуу депутат Эмил Жамгырчиевдин Байсаловго айткан сын-пикиринен улам жаралды.

– Урматтуу депутат, мага элдин атынан сүйлөбөй эле коюңуз. Эл шайлаган президент бар. Аткаруу бийлиги – президент, ал министрлер кабинетин түзөт, мага элдин атынан ошол киши баа берет. Биз президенттин программасын аткарабыз, ал эми Конституция боюнча сиздердин токтомдор сунуш катары гана күчкө ээ. Буйрук берип аткарткыдай силер өкмөт эмессиңер – деди Байсалов. Мындай жооптон кийин бир нече депутат Байсаловдун өзүн абайлап, ойлонуп сүйлөөгө чакырды.

Көп өтпөй Байсалов ЖМКларга комментарий берип Жогорку Кеңешти циркке салыштырды.

22-июнда парламент жыйынында спикер Нурлан Шакиев Байсаловдун комитет жыйынындагы жоругу боюнча президент менен сүйлөшкөнүн айтты.

– Ал боюнча кайсы бир деңгээлде чечим бар. Президент менен да, министрлер кабинетинин төрагасы менен да сүйлөштүм. Мындан ары Байсалов жөнүндө сөз кылып, анын кадыр-баркын көтөрө бериштин кереги жок – деди төрага.

Гезит басууга кетерде парламент Байсаловду отставкага кетирүү маселесин караганы жаткан.

Байсалов депутаттар ыйгарым укуктарынан аша чаппашы керек экенин буга чейин да айткан. 2022-жылы “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде ал “Жогорку Кеңеш мындан ары бизге акыл үйрөтө турган орган эмес, биз киргизген мыйзамды тактап, бекитип берчү гана жер болот” деген эле.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо